диал. Ачуулуу. Сув ичипмин, Мөлмөлүм, Сурабай ичкен сув ачык («Эл адабияты»).
Курсагы ачуу, тамак-аштан кемчил болуу, кыйноо тартуу. Арык элек – семирдик, Ачыккан элек – тоюндук («Манас»). Ким билет ачыгып жортуулдап жүргөн бир жырткыч чыгар, кол салышы мүмкүн (Баялинов). Келген аялда ачыккан адамдын түсү бар (Элебаев).